Акыркы суткада 483 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 483 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  281, Ошто — 4, Чүйдө — 31, Ош облусунда — 4, Таласта — 7, Нарында — 19, Ысык-Көлдө — 71, Жалал-Абадда — 57, Баткенде — 9 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 169 миң 500 адамга жетти.

Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 407 адамды түздү.