Акыркы суткада 5 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 5 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 3, Чүйдө — 1, Ош облусунда — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 763 адамга жетти.

Соңку суткада 1 киши каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 975 адамды түздү.