Акыркы суткада 520 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 520 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 299, Ошто — 5, Чүйдө — 88, Ош облусунда — 14, Таласта — 7, Нарында — 12, Ысык-Көлдө — 39, Жалал-Абадда — 37, Баткенде — 19 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 171 миң 758 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 439 адамды түздү.