Акыркы суткада 602 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Архив

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 602 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  287, Ошто — 6, Чүйдө — 68, Ош облусунда — 18, Таласта — 19, Нарында — 23, Ысык-Көлдө — 70, Жалал-Абадда — 78, Баткенде — 33 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 169 миң 17 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 399 адамды түздү.