Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 619 адамдан коронавирус аныкталды. Мындай жогорку көрсөткүч өткөн жылдын июль айынан бери алгачкы жолу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 273, Ошто — 110, Чүйдө — 99, Ош облусунда — 57, Таласта — 7, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 22, Жалал-Абадда — 26, Баткенде — 20 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 109 миң 812 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 881 адамды түздү.