Акыркы суткада 619 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 619 адамдан коронавирус аныкталды. Мындай жогорку көрсөткүч өткөн жылдын июль айынан бери алгачкы жолу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  273, Ошто — 110, Чүйдө — 99, Ош облусунда — 57, Таласта — 7, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 22, Жалал-Абадда — 26, Баткенде — 20 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 109 миң 812 адамга жетти.

Соңку суткадакиши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Ысык-Көл облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 881 адамды түздү.