Акыркы суткада 66 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 66 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 21, Ош шаарында — 1, Чүйдө — 5, Ош облусунда — 9, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 8, Баткенде — 1, Таласта — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 830 адамга жетти.

Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 686 адамды түздү.