Акыркы суткада 68 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Students line up to sanitize their hands to avoid the contact of coronavirus before their morning class at a hight school in Phnom Penh, Cambodia, Tuesday, Jan. 28, 2020. China on Tuesday reported 25 more deaths from a new viral disease, as the U.S. government prepared to fly Americans out of the city at the center of the outbreak. (AP Photo/Heng Sinith)

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 54, Чүйдө — 2, Ысык-Көлдө — 9, Таласта — 1, Жалал-Абадда — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 179 миң 913 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 636 адамды түздү.