Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 31, Чүйдө — 16, Таласта- 1, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 890 адамга жетти.
Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 920 адамды түздү.