Акыркы суткада 696 адамдан коронавирус аныкталып, 9 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 696 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  339, Ошто — 10, Чүйдө — 84, Ош облусунда — 44, Таласта — 14, Нарында — 15, Ысык-Көлдө — 50, Жалал-Абадда — 89, Баткенде — 51 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 166 миң 236 адамга жетти.

Соңку суткадакиши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ошто бир, Нарында бир, Ысык-Көлдө өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 363 адамды түздү.