Акыркы суткада 73 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 73 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 33, Чүйдө — 15, Ош облусунда — 3, Ысык-Көлдө — 16, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 259 адамга жетти.

Соңку суткада 3 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 671 адамды түздү.