Акыркы суткада 730 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 730 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 312, Ош – 100, Чүй облусу – 74, Ош облусу – 74, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 22, Жалал-Абад облусу – 68, Баткен облусу – 65 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 115 миң 30 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда, бирөө Жалал-Абадда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 931 адамды түздү.