Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 74 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Ошто — 1, Чүйдө — 2, Ош облусунда — 6, Ысык-Көлдө — 8, Нарында — 4, Жалал-Абадда — 1, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 182 миң 341 адамга жетти.
Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 704 адамды түздү.