Акыркы суткада 788 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 788 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 523, Ошто — 12, Чүйдө — 137, Ош облусунда — 17, Таласта — 17, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 17, Жалал-Абадда — 28, Баткенде — 30 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 193 миң 816 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 843 адамды түздү.