Акыркы суткада 79 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 79 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 41, Чүйдө — 21, Ош облусунда — 1, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абадда — 3, Таласта — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 202 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 599 адамды түздү.