Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 840 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 476, Ошто — 8, Чүйдө — 131, Ош облусунда — 31, Таласта — 9, Нарында — 11, Ысык-Көлдө — 54, Жалал-Абадда — 78, Баткенде — 42 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 167 миң 76 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ошто бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 373 адамды түздү.