Акыркы суткада 874 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 874 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 670, Ошто — 27, Чүйдө — 69, Ош облусунда — 12, Таласта — 22, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 41, Баткенде — 21 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 189 миң 687 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 830 адамды түздү.