Акыркы суткада 892 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 892 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 401, Ош – 55, Чүй облусу – 143, Ош облусу – 81, Талас облусу – 7, Нарын облусу – 7, Ысык-Көл облусу – 27, Жалал-Абад облусу – 110, Баткен облусу – 61 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 119 миң 973 адамга жетти.

Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда, бирөө Жалал-Абадда, бирөө Ош облусунда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 971 адамды түздү.