Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 897 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 619, Ошто — 9, Чүйдө — 66, Ош облусунда — 6, Таласта — 8, Нарында — 14, Ысык-Көлдө — 54, Жалал-Абадда — 66, Баткенде — 55 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 164 миң 743 адамга жетти.
Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө үч, Ошто бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 344 адамды түздү.