Акыркы суткада 919 адамдан коронавирус аныкталып, 14 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 919 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  515, Ошто — 6, Чүйдө — 154, Ош облусунда — 29, Таласта — 10, Нарында — 23, Ысык-Көлдө — 50, Жалал-Абадда — 73, Баткенде — 57 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 162 миң 892 адамга жетти.

Соңку суткада 14 киши оорудан каза болду. Бишкекте жети, Чүйдө төрт, Талас бир, Ысык-Көлдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 325 адамды түздү.