Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 93 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 71, Чүйдө — 6, Ысык-Көлдө —10, Таласта — 4, Нарында — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 179 миң 281 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 618 адамды түздү.