Акыркы суткада 958 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 958 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  574, Ошто — 6, Чүйдө — 128, Ош облусунда — 26, Таласта — 13, Нарында — 24, Ысык-Көлдө — 52, Жалал-Абадда — 78, Баткенде — 57 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 161 миң 973 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө төрт, Жалал-Абадда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 311 адамды түздү.