Акыркы суткада 96 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Архив

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 96 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 41, Чүйдө — 24, Ош облусунда — 2, Ысык-Көлдө — 14, Жалал-Абадда — 6, Баткенде — 4, Таласта — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 764 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 683 адамды түздү.