Акыркы суткада 98 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 98 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 38, Ошто — 2, Чүйдө — 43, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 9, Жалал-Абадда — 3, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 617 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 909 адамды түздү.