Акыркы суткада 992 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 992 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 567, Ош – 34, Чүй облусу – 137, Ош облусу – 42, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 22, Ысык-Көл облусу – 28, Жалал-Абад облусу – 84, Баткен облусу – 65 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 120 миң 251 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун үчөө Бишкек шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Чүй облусунда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 977 адамды түздү.