Акыркы суткада 995 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 995 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  542, Ошто — 14, Чүйдө — 178, Ош облусунда — 29, Таласта — 24, Нарында — 21, Ысык-Көлдө — 48, Жалал-Абадда — 79, Баткенде — 60 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 157 миң 147 адамга жетти.

Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Бишкекте алты, Таласта эки, Ысык-Көлдө эки, Баткенде бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 249 адамды түздү.