Акыркы суткада бир да адам эмдөөдөн өткөн жок

Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда COVID-19га каршы бир да адам эмделген жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 2 миң 148 адам эмдөөдөн өттү. Алар:

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Бул үчүн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда атайын пункттар ачылган.