Акыркы суткада өлкөдө 107 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

27-январга карата коронавирус жуктурган 107 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 45, Чүйдө – 27, Ысык-Көлдө – 11, Таласта – 1, Нарында – 1, Жалал-Абадда – 5, Ош облусунда — 16 жана Ош шаарында – 1 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 3 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 175 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 405 адам өмүрү менен кош айтышты.