Акыркы суткада өлкөдө 172 адамдан коронавирус аныкталса, 4 бейтап көз жумду

4-апрелге карата коронавирус жуктурган 172 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда – 33, Ысык-Көлдө — 10, Жалал-Абадда — 1, Таласта — 1, Ош облусунда — 1 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде илдеттен 4 бейтап көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 89 миң 14 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 506 адам өмүрү менен кош айтышты.