Акыркы суткада өлкөдө 54 адамдан коронавирус аныкталса, 6 бейтап көз жумду

21-февралга карата коронавирус жуктурган 54 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 16, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 3, Ысык-Көлдө – 5, Баткенде – 1 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 6 киши илдеттен каза болду. Өлүм Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 885 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 458 адам өмүрү менен кош айтышты.