Акыркы суткада өлкөдө 66 адамдан коронавирус аныкталса, 3 адам каза болду

25-февралга карата коронавирус жуктурган 66 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда — 6, Нарында — 2, Баткенде — 1, Ысык-Көлдө — 6 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде илдеттен 3 адам көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 86 миң 91 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 463 адам өмүрү менен кош айтышты.