Акыркы суткада өлкөдө 70 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду

12-февралга карата коронавирус жуктурган 70 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 37, Чүй облусунда – 4, Нарында — 4, Ош облусунда — 4, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абад облусунда — 4, Баткенде — 2, Талас облусунда — 3, Ош шаарында — 1 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Чүй облусу менен Нарын облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 85 миң 398 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 439 адам өмүрү менен кош айтышты.