Акыркы суткада өлкөдө 72 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

6-февралга карата коронавирус жуктурган 72 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 16, Нарында — 12, Ош облусунда — 4, Ош шаарында — 2, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 3 жана Жалал-Абадда— 5, Баткенде — 2 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 3 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 992 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 423 адам өмүрү менен кош айтышты.