Акыркы суткада өлкөдө 76 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду

30-январга карата коронавирус жуктурган 76 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда — 5, Ысык-Көлдө — 3, Нарында – 1, Жалал-Абадда – 9 жана Ош шаарында — 3 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаарында катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 453 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 411 адам өмүрү менен кош айтышты.