Акыркы суткада өлкөдө 88 адамдан коронавирус аныкталса, 2 бейтап көз жумду

5-февралга карата коронавирус жуктурган 88 адам катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Чүй облусунда – 28, Нарында — 3, Ош облусунда — 8, Ош шаарында — 2, Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 10 жана Жалал-Абадда— 2 бейтап бар.

Соңку сутканын ичинде 2 киши илдеттен каза болду, өлүм Бишкек шаары менен Баткен облусунда катталды.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө 84 миң 920 кишиден вирус аныкталып, 1 миң 420 адам өмүрү менен кош айтышты.