«Ал апасына дайыма жардам берип, кам көрүп турчу». Украинада каза болгон кыргыз жигит тууралуу окуянын чоо-жайы

Кечээ, 22-мартта Украинада согуштук аракеттерде 20 жаштагы орусиялык армияда кызмат өтөгөн кыргыз жигит каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун жакындары каза болгон жигиттин аты-жөнү Эгемберди Дорбоев экендигин, анын Кыргызстанда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандыгын, армияга кызмат өтөөгө өткөн жылы кеткенин айтып беришти.

Орусиянын Норильск шаарынын башчысы Дмитрий Карасев Телеграм-каналына Эгемберди Дорбоевдин өлүмү тууралуу жазды. «Ал Норильскке жакында эле келген, армияга 2021-жылдын күзүндө чакырылган, кийин келишим түзүлүп, Белгород облусундагы чалгын батальонунда кызмат өтөп жаткан. Ал шайыр жана өтө боорукер жигит болчу. Анын жашоосунда үй-бүлөлүк баалуулук эң башкысы эле. Ал апасына дайыма жардам берип, колунан келишинче кам көрүп турчу. Анын жаркын элеси аны билгендердин жүрөгүндө түбөлүк калат», — деп жазган ал.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да кыргыз жигиттин каза болгонун ырастап, маркумдун жакындарына көңүл айткан. «Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө согуштук тапшырманы аткарууда Орусиянын жараны, Кыргызстанда туулган, Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн келишимдик негизде кызмат өтөгөн катардагы жоокери Эгемберди Дорбоев баатырларча каза болду», — деп жазылат элчиликтин маалыматында.