«Ал башкалардын бетин кескилей берет да». Бетин жасатып, тырык болуп калган келин нааразычылыгын билдирди

SuperTV телеканалына буга чейин 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылган. Ал Бишкектеги “Ош базарындагы” сулуулук салондорунун биринен бетин жасатам деп, жапа чеккенин айткан.

Ал редакцияга иш сотко өтүп, Ленин райондук соту чечим чыгарганын, бирок чечимине нааразы экенин айтты. Анын айтымында, сот шектүүнү шарттуу түрдө 2,5 жылга кескен. «Эми ал башкалардын да бетин кескилей берет да» деген келин нааразычылыгын айтты.