«Ал Болот эмес». Төкмө акын Болот Назаровдун жубайы интернетте тараган видео боюнча үн катты

«Видеону көрдүм, аны тааный алган жокмун, ал Болот эмес. Болот андай ишке барбайт. Баңги затын эч качан колдонгон эмес. Эки балабыз бар». Бул тууралуу төкмө акын Болот Назаровдун жубайы ИИМдин жанында өтүп жаткан митингге келип айтты.

Жубайынын айтымында, жолдошу буга чейин бир да жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.