Бермет Барыктабасова медицинага байланыштуу иликтөөлөрдү жасаган журналист Улукбек Карыбек уулун сынга алды (видео)

Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова блогер, журналист Улукбек Карыбек уулун жумуш учурунда кабинетке басып кирип, кыйкырып-бакырып биздин убактыбызды алды деп сындап Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Бизде пландуу жыйын өтүп жаткан учурда өзүн журналистмин деп атаган Улукбек Карыбек уулу бизди көзгө илбей министрди суроого жооп бер деп чакырып жатат. Уят барбы? Биз коомдук маселени чечүү максатында бир жумадан бери дайынданган жыйынды өтүп жатсак, блогер асмандан түшкөнсүп бизди коркутуп, кыйкырып, убактыбызды алды. Азыр билсек, ал бардык оорукана, төрөтканаларда өзүн ушундай алып жүрөт экен. «Төрөткөнгө эмнеге акча аласыңар? Алар өздөрү төрөп жатышат да» дейт.
Ал маалыматты толук тактабай туруп провокация кылып медиктер менен калктын ортосуна бүлүк салып жатат. Улукбек элдин кызыкчылыгын ойлогон үчүн эмес, өзүнүн ютуб каналына акча иштөө үчүн бул маалыматтарды чыгарып жатат«, — деген Барыктабасова. 
Белгилей кетсек, Улукбек Карыбек уулу буга чейин Ош шаарындагы оорукана, төрөтканаларында иликтөө жасап, пара алуу көйгөйү тууралуу сюжеттерди даярдап келген.