Ала-Арча дарыясын он жылдан бери биринчи жолу тазалоо иштери башталды

«Бишкек суу чарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясын күчөтүлгөн кол жана механикалаштырылган тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Тазалоо – Ала-Арча дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруудагы биринчи кадам. Скрябин жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Ахунбаев көчөсүнө чейин иштер жүргүзүлүүдө. Дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда. Мындай иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат.