Ала-Арча капчыгайындагы Адыгине көлүнө байкоо жүргүзүлдү

default

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3850 метр бийиктикте жайгашып, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 чакырым алыс.

Бир нече күндөн берки жаанчыл аба ырайында көлдүн абалы коомчулукту, капчыгайдын эс алуучуларын кооптондурбай койбойт. Экинчи ирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 кызматкери 18-июлда таң эрте 12 чакырым аралыкты басып өтүп, Адыгине көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп келишти. Аталган көлдө суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды. Ал эми ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, ар жылы бийик тоолуу көлдөр изилденет.

“Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан “нулевой изотерма” тактап айтканда, температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген”, — дейт Даурбек Сакыев.