“Ала-Арча” көрүстөнүндө орун жок калып бара жатат. Байтик айылынан 22 гектар жер трансформацияланат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, отурумдун күн тартибинде он маселе каралды.

Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагындагы 22 гектар жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.