«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын тосмосу бийиктетилип жатат

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын тосмосу бийиктетилип жатат. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып, сүрөт менен бөлүшүштү. Алардын айтымында, жумушчулар тосмону бийиктетүү үчүн бир канча катар кыш тизип жатышат.

Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев тосмо коюлгандан бери оңдоо иштери жүрбөгөнүн билдирди. «Структураны бекемдөө максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.