Кечээ, 25-январда президенттин Иш башкармасынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин катышуусунда «Ала-Арча» табигый паркында асма жолдун курулушуна старт берди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Биринчи этапта 1 чакырым жерге куруу пландалууда. План боюнча күзүндө курулуш иштери толугу менен бүтөт. «Ала-Арча» паркы азыркыдай жаратылыштын асыл мурасы гана эмес, заманбап, ыңгайлуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайына айланат», — деп жазды Туманбаев.
Быйыл паркка кирген автоунааларга чектөө киргизилет, азыр 2000 орундуу унаа токтоочу жай курулуп жатат. Келечекте парктын ичинде электромобилдер ишке киргизилет, бул табигаттын тазалыгын сактоого жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берет.