«Ала-Арча» паркына кирүүдө киши башына акы алына баштайт

Эми «Ала-Арча» паркына кирүүдө киши башына акы алынат. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине «Ала-Арча» жаратылыш паркынын директору Талант Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан тарта парктын аймагына кирүүдө жаңы эрежелер кирет. Мындан ары парктын ичине унаалар киргизилбейт. Унаалар үчүн атайын 2 миң орундуу унаа токтотуучу жай курулууда.

«Эс алуучулар унаа токтотуучу жайга унааны токтотуп, өткөрмө пунктунан жөө өтүшөт. Өткөрмө пунктан киши башына 200 сомдон акы алынат. Ал эми 7 жашка чейинки балдарга акысыз болуп, андан жогору жаштагыларга 150 сомдон алынат»,-деди ал.

Жекшенов белгилегендей, парктын ичинде адамдарды белгиленген жерге чейин электромобилдер акысыз ташыйт.

“Мындан сырткары, парктын ичинде эми от жагууга тыюу салынат. Ал үчүн атайын газ менен иштөөчү тамак-аш жасоочу жайлар курулууда»,-деди ал.