«Ала-Арча» паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет

Жакынкы айларда «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жазды.

«Конокторду парктын ичинде атайын электр унаалары ташыйт. Аталган тапшырма президентибиз тарабынан коюлуп, учурда тапшырманы аткаруу боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Коноктордун ыңгайлуу шарттарды камсыздоо максатында, парктын сыртында кошумча унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Унаалардын ордуна электр унааларынын пайдалануу экологиялык таасирди азайтып, аймактын жаратылышын таза сактоого багытталат.

Мындан тышкары, келечекте биз жаңы А-Фрейм үйлөрүн жана кооз тоолордун көрүнүшү бар мейманкана курууну пландап жатабыз. Коноктор эки капчыгайдын таң каларлык кооздугунан ырахат алып, табияттын койнунда жайгашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул өзгөрүүлөр туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу менен бирге, парктын экологиясын коргоо жана анын табигый сулуулугун келечек муундар үчүн сактап калуу максатын көздөйт»,- деп айтылат маалыматта.