“Ала-Арча” резиденциясындагы ката жазуу талкууга түштү

Социалдык тармактын колдонуучулары президенттик “Ала-Арча” резиденциясында ката жазылган жазуунун сүрөтү менен бөлүшүп, талкуулап жатышат.

Сүрөттө көрүнгөндөй Кыргыз Республикасы деген сөздөгү Республиканын «с» тамгасы жок жазылып калган. Ошондой эле учреждение деген сөздү жазууда да ката кеткени чийилип көрсөтүлгөн.

Азырынча бул боюнча мамлекеттик мекемеден түшүндүрмө берише элек.