Ала-Арча суусундагы кан каяктан агып жатканы тууралуу маалымат беришти

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айыл аймагындагы Ала-Арча суусунун өңү кызыл болуп агып жатканы тууралуу видеолор тараган.

Бул боюнча президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү маалымат берди. «Аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрдү. Бедени ашыкча жеп кыйналган уйду Ала-Арча суусунун жээгинде сойгонго туура келген. Уйдун ээси, Маевка айылынын тургуну бул кылганы үчүн 5500 сомго айыпка жыгылган. Маевка айыл өкмөтү тарабынан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүү максатында экологиялык көзөмөл кызматына өткөрүү үчүн материал даярдалууда», — дешти.