«Ала-Арча» улуттук паркынын кирешеси ушул жылы 230 миллион сомду түздү. Эки жыл мурда, 2022-жылы анын жылдык кирешеси 51 миллион сом болгон. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.
«Улуттук парктын аймагындагы «Ак-Бата», «Ала-Арча» мейманканалары, «Теплые Ключи» ден соолукту калыбына келтирүүчү борбору модернизацияланып, оңдоо-түзөө иштеринен өткөн. Андан сырткары A-Frame Glamping үйлөр курулуп, анын жанындагы «Ала-Арча» рестораны ишке кирген. Андан сырткары парктын аймагын жашылдандыруу максатында бак-дарак тигилип, паркка барчу жолго асфальт төшөлүп, жарыктандыруу жаңыланган», — деп айтылат билдирүүдө.
Алдыда 2000 орундуу унаа токтотуучу жайдын курулушу, асма жолдун салынуусу жана тоонун экологиялык абалын коргоо максатында туристтерди ташуучу электр автомобиль системасын киргизүү пландаштырууда.