Ала-Арчада жоголгон атасы менен кызы. Экөөнүн тең жансыз денеси табылды

Ала-Арча тоосуна 3-август күнү чыгып кетип, 1982-жылы туулган атасы жана 2015-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн экөөнүн тең жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Саат 9:53тө изделип жаткан адамдын сөөгү Ала-Арча суусунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар жарандын сөөгүн саат 15:30да таап, алып чыгышкан. Бир нече саат издөө иштерин жүргүзгөн соң, кызынын сөөгүн да табышкан.